> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы жыл башынан бери бюджетке 54 млрд сомдон ашык каражат чогултту
- URL: https://im.kg/all/2023/04/12/salyk-kyzmaty-zhyl-bashynan-bieri-biudzhietkie-54-mlrd-somdon-ashyk-karazhat-choghulttu/
- Published: 2023-04-12T09:57:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:03:40.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын январь-март айларында Салык кызматы бюджетке дээрлик 54.6 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд сомго көп. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган башкармалыктын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.**

Төраганын орун басары мекеме белгиленген планды 1.3 млрд сомго ашык аткарганын, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык чогултуу көрсөткүчү 8 млрд сомго көбөйгөнүн айтты.

> «Анын ичинде 40.4 млрд сом салык жана төлөмдөр пландан 499 млн сомго ашык чогултулган. Бул 2022-жылдын үч айына салыштырмалуу 3.7 млрд сомго көп. Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 14.5 млрд сомду түздү – план 849.3 млн сомго ашыкча аткарылды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 4.3 млрд сомго көп», — деди Кыдыргычов.

Кыдыргычов мунун себеби Салык кызматы салыктык башкарууну жакшырткандыгы жана ишкерлерди онлайн-кызмат көрсөтүүгө өткөрүү иштери менен түшүндүрдү.