> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл облусунда 70 жакыр үй-бүлө социалдык келишим түзүп, жөлөк пулунан ажырайт
- URL: https://im.kg/all/2023/04/12/ysyk-kol-oblusunda-70-zhakyr-ui-bulo-sotsialdyk-kielishim-tuzup-zholok-pulunan-azhyrait/
- Published: 2023-04-12T09:57:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:03:46.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көл облустук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан түзүлгөн социалдык контракттын алкагында облустагы кирешеси аз үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Аны алган үй-бүлөлөр үч жылга жөлөк пул алуу укугунан ажыратылат. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги Эмгек министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.**

Эске сала кетсек, социалдык келишимде 100 миң сом каралган. Өз бизнесин ачуу үчүн каражат алуу үчүн үй-бүлөлөр үч жыл бою «үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулунан баш тартышы керек. Ошондой эле, долбоордун катышуучулары салыктан бошотулбайт жана патент сатып алууга же ЖИ катары катталууга милдеттүү болгон ишкерлер болуп саналат.