> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жылдын I кварталында унаа рыногунда соода жүгүртүү 12%га өстү — Улутстатком
- URL: https://im.kg/all/2023/04/12/zhyldyn-i-kvartalynda-unaa-rynoghunda-sooda-zhughurtuu-12-gha-ostu-ulutstatkom/
- Published: 2023-04-12T09:54:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:02:35.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда унаа рыногунда дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы көлөмү 141.2 млрд сомду түздү. Бул 2022-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 11.8%га көп.**

Автомобилдерди жана мотоциклдерди алып-сатуудан башка чекене сооданын көлөмү жыл башынан бери дээрлик 70.8 млрд сомго жетти. Бул 2022-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу дээрлик 5%га көбүрөөк.