> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы Кыргызстанга рекорддук санда — 57 миң унаа импорттолгон
- URL: https://im.kg/all/2023/04/13/2022-zhyly-kyrghyzstangha-riekordduk-sanda-57-min-unaa-importtolghon-2/
- Published: 2023-04-13T10:27:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:35:16.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы Кыргызстанга рекорддук сандагы жеңил унаа импорттолгон. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин маалыматына таянып, mashina.kg сервисинин аналитикалык бөлүмүнүн билдирүүсүндө айтылат.**

Бул сервистин [маалыматы](https://www.mashina.kg/) боюнча, өткөн жылы Кыргызстанга 13 өлкөдөн **57 298** жеңил унаа импорттолгон:

| **Армения**      | 105   |
| ---------------- | ----- |
| **Беларусь**     | 3342  |
| **Германия**     | 1186  |
| **Грузия**       | 5842  |
| **Казакстан**    | 995   |
| **Литва**        | 8544  |
| **БАЭ**          | 786   |
| **Түштүк Корея** | 10883 |
| **Россия**       | 23676 |
| **АКШ**          | 1404  |
| **Өзбекстан**    | 486   |
| **Швейцария**    | 4     |
| **Япония**       | 45    |

2020 жана 2021-жылдары Кыргызстанга автоунаалардын импорту пандемия жана анын кесепеттеринен улам азыраак болгон. Жалпысынан бул эки жылдын ичинде алгачкы жолу катталган автоунаалардын саны жылына **26 миңден** ашкан эмес.