Депутат Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасын мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев өлкөдөгү сүт рыногунда баанын калыптанышын мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады. Ал тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ парламенттин сайтында жарыяланды.
Документке ылайык, учурда ата мекендик фермерлердин сүтүн төмөн баада сатып алуу маселеси курч турат. Жаз мезгилинин башталышы менен Кыргызстанда бул маселе жыл сайын пайда болууда. Чөп чыгары менен сүт заводдору сатып алуу баасын төмөндөтүп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн нааразычылыгын жаратышат.
Мындан тышкары абийирсиз сатып алуучулар да буга таасирин тийгизишет: алар элден сүт чогултуп жатышканда баалар боюнча өз ара сүйлөшүп алышат, деп белгилешет мыйзам долбоорунун авторлору.
Кыргызстандын сүт өндүрүү тармагында бир нече үстөмдүк кылган субъекттер бар. Бул компаниялар сүттү кайра иштетүү менен алектенишет – бааны дал ошолор белгилейт. Ошол эле учурда сүт рыногунда баа эркин түзүлөт жана КР мыйзамдарына ылайык, бул рынокто мамлекет тарабынан жөнгө салуу жүргүзүлбөйт.
Ушуга байланыштуу ата мекендик сүт өндүрүүнү сактоо жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик айыл чарба сүт өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында «Сүттү сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору киргизилүүдө.
Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, минкаб төмөнкү нерселерди колго алат:
- сүт жана сүт азыктарына эң жогорку же эң төмөнкү бааларды белгилөө;
- сүт жана сүт азыктарына белгиленген бааларды коюу;
- жеке жана юридикалык жактардын жана/же мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосуна макулдашуулар аркылуу бааларды белгилөө режимин киргизүү.