> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Июнь айында Новосибирсктен Ысык-Көлгө авиакаттам ачылат
- URL: https://im.kg/all/2023/04/13/iiun-aiynda-novosibirsktien-ysyk-kolgho-aviakattam-achylat/
- Published: 2023-04-13T10:27:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:35:11.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Сибирь» авиакомпаниясы (S7 бренди) июнь айында Новосибирсктен Ысык-Көл аэропортуна каттам ачат. Новосибирск шаарындагы Толмачево аэропортунун графигинде жумасына төрт рейс белгиленген — алардын биринчиси 11-июнга пландалган.**

Новосибирск — Ысык-Көл багыты боюнча «Сибирь» дүйшөмбү, бейшемби жана жекшемби күндөрү учат. Ал эми 21-июлдан баштап жума күндөрү да каттайт. Авиакомпаниянын сезондук графиги сентябрдын ортосуна чейин иштейт.