> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Минкаб курулуш компанияларынын «кара тизмесин» түзөт – Бакыт Төрөбаев
- URL: https://im.kg/all/2023/04/13/minkab-kurulush-kompaniialarynyn-kara-tizmiesin-tuzot-bakyt-torobaiev/
- Published: 2023-04-13T10:15:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:35:26.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети Кыргызстандагы курулуш компанияларынын кара тизмесин түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди, деп маалымдайт Kaktus.media басылмасы.**

Анын айтымында, бийлик ишенимдүү курулуш компанияларынын реестрин даярдайт. Ага үлүштүк ээлерден түшкөн эч кандай арыздар жок жана кылмыш иштери козголбогон компаниялар кирет.

> «Бул реестрге кирбеген компаниялар, демек, «кара тизмеге» кирет», — деди министрдин орун басары.

Ал кошумчалагандай, минкаб ошондой эле турак жайларды «котловандан» сатуу тартиби жөнүндө жобону даярдап, бекитет.