> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы Кыргызстанда рекорддук санда чет элдик катышуусу бар компания катталган
- URL: https://im.kg/all/2023/04/13/otkon-zhyly-kyrghyzstanda-riekordduk-sanda-chiet-eldik-katyshuusu-bar-kompaniia-kattalghan/
- Published: 2023-04-13T10:27:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:35:05.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы Кыргызстанда чет элдиктердин катышуусу бар рекорддук сандагы ишкана катталган. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын реестринин маалыматтарына таянып, Osoo.kg контрагенттерди текшерүү кызматы билдирди.**

2022-жылы Кыргызстандын резиденти эместеринин катышуусу менен катталган же кайра каттоодон өткөн жаңы ишканалардын саны **2609ду** түздү. 2021-жылы бул көрсөткүч **1139ду** түзгөн. Ошондой эле быйылкы жылдын үч айында Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандын катышуусу бар дагы **771** компания пайда болду.

> Акыркы беш жылда мындай компаниялардын эң азы — болгону 750 — Covid-19 күч алган 2020-жылы катталган же кайра катталгандыгы белгиленип айтылган.