> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сыраны акциздик марка менен белгилөө үч айда бюджетти дээрлик 130 млн сомго толуктады
- URL: https://im.kg/all/2023/04/13/syrany-aktsizdik-marka-mienien-bielghiloo-uch-aida-biudzhietti-deerlik-130-mln-somgho-toluktady/
- Published: 2023-04-13T10:27:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:34:58.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйылкы жылдын I кварталында өндүрүлгөн пиво азыктарынан 129.4 млн сом акциздик салык чогулган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине белгиленген пландан эки эсе ашып кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.**

Кирешелердин өсүшү быйылкы жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын аймагында пиво продукциясын милдеттүү маркалоону киргизүү менен байланыштуу болду. Мындан тышкары, салык органдары тарабынан алкоголдук продукциялардын жүгүртүүсүнө көзөмөлдүн күчөтүлүшү төлөмдөрдүн эки эсеге өсүшүнө алып келди.

> Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН (ТН ВЭД) 2203 товардык позициясына кирген сыраны өндүрүү жана импорттоо акциздик марка менен милдеттүү түрдө белгиленүүгө тийиш. Ал эми 2023-жылдын 1-июлунан тартып сыранын маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.