Ала-Арча улуттук паркынын ичинде туристтик борбор куруу талкууланды
13-апрелде Туризм департаментинин жана Ала-Арча мамлекеттик паркынын жетекчилиги кызматкерлери менен бирге туристтик тейлөө борборун салуу максатында тийиштүү инвесторго жер аянтчаларын көрсөтүштү. Бул тууралуу департаменттин басма сөз кызматы билдирди.
Курууга пландалып жаткан туристтик тейлөө борбору кафетерий, намазкана, заманбап даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борбор жана туристтер үчүн сувенирлерди сунуштаган жай сыяктуу компоненттерди камтыйт.
Ошондой эле Ала-Арча паркына интернет өткөргөн россиялык альпинист жөнүндө окуңуз: Альпинист из России за свой счет провел интернет в альплагерь в Кыргызстане — потратил 100 тысяч сомов