> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ боюнча азык-түлүк Кыргызстан менен Казакстанда эң көп кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2023/04/14/ieaeb-boiuncha-azyk-tuluk-kyrghyzstan-mienien-kazakstanda-en-kop-kymbattady/
- Published: 2023-04-14T10:44:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:52:18.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын март айында ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалардын эң жогорку өсүшү Казакстан менен Кыргызстанда катталган. Март айынын жыйынтыгын Улутстатком билдирди.**

Алсак, ушул жылдын март айынын аягында Кыргызстан менен Казакстанда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баалар 3.2%га өскөн.

> Беларуста баалар 2.6%га, Россияда 1.7%га өскөн. Эң жай өсүш Арменияда катталган – 0.8%.

Категорияларды карай турган болсок, анда отчеттук мезгилде Кыргызстанда товарлар 3.8%га, ал эми азык-түлүк эмес товарлар 2.1%га кымбаттаган. Казакстанда тиешелүүлүгүнө жараша 4.1% жана 2.5%.