2024-жылы энергетика тармагына 10.9 млрд сом бөлүнөт

Финансы министрлиги 2024-жылы энергетика тармагына инвестициялык 10.9 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, каражаттын ичинен:

  • грант – 2 млрд;
  • кредит – 8,9 млрд сом;
  • минкаб тарабынан кош каржылоосу – 13,9 млн сомду түзөт.

2025-жылга 5.1 млрд сом каралат.