AnadoluJet Бишкек – Анкара – Бишкек авиакаттам ачуу пландаштырууда

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте биринчи жолу  Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ачууну максат кылууда. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Белгиленгендей, AnadoluJet авиакомпаниясы (лоукостер, Turkish Airlines компаниясына туунду) биринчи жолу Бишкек – Анкара боюнча жумасына 4 жолу авиакаттам ачууну көздөөдө. Каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат. Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күнүнө аткарылмакчы.

Аталган авиакаттам Boeing 737 учагы менен ишке ашырылмакчы.