Мамлекет ГИК кирешесинин жарымын дивиденддер үчүн алат
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын (МИК) кирешесинин 50% мамлекетке дивидент катары төлөнөт. Бул тууралуу коомдун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда маалымдалды.
МИКтин басма сөз кызматы тактагандай, калган 50% акционердик коомдун уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшалат.
Белгиленгендей, директорлор кеңешинин мүчөлөрү өткөн жылдагы ишмердүүлүктүн оң натыйжаларын белгилеп, компания ишмердүүлүгүнүн бардык чөйрөлөрүндө оң тенденцияны сактап, өзүнүн финансылык туруктуулугун тастыктады.