Сузакта 93.8 млн сом турган жер тилкелери мыйзамсыз берилген – УКМК

Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы С.А.Н. жер тилкелери мыйзамсыз берилгендиктен камакка алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, Сузак районунун Сузак, Каркыра-Мисте жана Благовещенка айылдарынын калкка кезексиз жана акысыз берилчү 100 бирдиктен ашык жер тилкелери С.А.Н. буйругу менен жарандарга жасалма документтердин негизинде ар бир участок 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин акча каражатына сатылып кеткен.

Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасынын жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 93.8 млн сом экени аныкталды. Учурда прокуратура органдары менен биргеликте аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтаруу чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин Сузак айыл өкмөтүнүн, Сузак райондук кадастр жана архитектура башкармалыгынын 9 кызматкери жогоруда аталган жоруктарга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.