«Альянс Алтында» 829 кызматкер эмгектенет, алардын 97% — кыргызстандыктар

2023-жылдын апрелине карата Жерүй алтын кенин иштетип жаткан «Альянс Алтында» 829 кызматкер эмгектенет. Мындай маалыматтар компаниянын финансылык отчетунда берилген.

Белгиленгендей, компаниянын кызматкерлеринин жалпы саны:

  • чет өлкөлүк жарандар – 22 кызматкер (же жалпысынан 3%);
  • КР жарандары – 807 кызматкер (же жалпы сандын 97%).

Ошол эле учурда кеңседе 116 кызматкер (14%), Жерүйдө – 713 кызматкер (86%) иштейт. Алардан:

  • башка региондор — 208 кызматкер (Жерүйдө иштегендердин жалпы санынын 29%);
  • Талас облусу – 505 кызматкер («Жерүйдүн» жалпы санынын 71%);
  • Бекмолдоев айыл өкмөтүндө – 210 кызматкер (жалпы кызматкерлердин 41% Талас районунун ичинен).