Энергохолдинг филиалдарына жаңы техникаларды тапшырды
«КУЭТ» ААКтын филиалдарына жаңы атайын техникаларды тапшырылды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Бул атайын техникалар 2022-жылга коюлган, капиталдык курулуш планына ылайык «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан сатылып алынган. Алынган SHANMON экскаваторлорунун жана бригадалык атайын автоунаалардын жалпы суммасы 31.8 млн сомду түздү. Атайын автоунаалар Ош, Жалал-Абад жана Нарын электр тармактар ишканаларына бөлүштүрүлүп берилди.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев атайын техникаларды тапшырып жатып, энергетиктерге калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп жатканын баса белгилеп, ошондуктан энергетиктер да алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты жоопкерчилик менен көрүүгө, тиешелүү тапшырмалырды өз убагында аткарууга катуу тапшырма берди.