Минкаб «Газпром» менен 2030-жылга чейин газдаштырууну талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Газпром» Коомдук акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана 2030-жылга чейин КР газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында республиканы газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар газ менен камсыздоо маселелери жөнүндө күз-кыш мезгилинин жыйынтыгы боюнча пикир алышты.