Москвада май айында Евразия экономикалык форуму өтөт
2023-жылдын 24-25-майында Москвада Евразия экономикалык форуму – 2023 өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди.
Такталгандай, форумда төмөнкү маселелердин талкууланышы күтүлүүдө:
- «ЕАЭБ – Индонезия» бизнес-диалогу;
- «ЕАЭБ — Латын Америкасы» тегерек столу;
- Бизнес евразиялык интеграциянын кыймылдаткычы катары: чакырыктар жана перспективалар;
- Эртеңки күндүн электрондук соодасы: ЕАЭБде өнүгүү мамилелери;
- Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн заманбап парадигмасы: глобалдык чакырыктар, мүмкүнчүлүктөр.
Форумга ири бизнес чөйрөлөрүнүн кеминде 2000 өкүлүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Каттоо 2023-жылдын 10-майына чейин атайын форма аркылуу өтсө болот. Толугуураак маалыматты төмөнкү байланыш даректеринен алса болот: invest.alymbaeva@gmail.com,
+996(777) 337744.