Санариптик технологияларды өнүктүрүүгө 500 млн сом каралган
Санариптик технологияларды өнүктүрүүгө 500 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Такталгандай, санариптештирүүгө каралган каражаттардын алкагында Мамлекеттик маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун долбооруна 100 млн сом суммасында каражат каралган.
Ушул тапта СӨМ тарабынан КР МКнин «Тиешелүү мамлекеттик органдарга санариптештирүү үчүн каралган каражаттардын чегинде 306 млн сом бөлүү жөнүндө» (сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен) токтомунун долбоору демилгеленген.
Натыйжада бүгүнкү күндө 500 млн сомдон 452.8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар бөлүштүрүлдү. Бөлүнбөгөн каражаттардын калдыгы 47.2 млн сомду түзөт.