Ысык-Көл облусунундагы үч районунун жолдорун оңдоого кувейттик жана кытайлык ишканалр даярданып жатат

Ысык-Көл облусунундагы жолдорду оңдоо боюнча «Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу боюнча программанын 3-фазасы (РКЖП БА-3)» долбоору ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Иштер Түп-Кеген автожолунун 39-76 чакырымында, Каркыра-Турук-Сары-Жаз автожолунун 0-13 чакырымында, «Каркыра» капчыгайындагы туристтик базага туташ жолду курууну камтыйт.

Министрлик белгилегендей, 2023-жылдын 1-апрелинен тартып курулуш иштерин көзөмөлдөөчү консультант кувейттик Pan Arabic Consultancy Engineers жана кытайлык подрядчы China Road and Bridge Corporation жолдорду реабилитациялоого жана реконструкциялоого толук масштабдуу жумуштарды баштоо үчүн участокту даярдоону жана мобилизациялоону баштады.

Мындан мурда жумушчулардын лагерин куруу, асфальт-бетон заводун жана майдалоочу-сорттоочу орнотмону монтаждоо боюнча жумуштар аткарылган. Майдалоочу-сорттоочу орнотмо колдонууга берилип, майдаланган инерттүү материалдын (майдаланган таш) сынамык партиясы чыгарылды, асфальт-бетон аралашмасынын жана бетондун жарамдуулугу боюнча тиешелүү лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлдү.

2023-жылдын 1-апрелине карата 78 даана жол куруу техникасы, 62 адам тартылган, анын  ичинен 20 адам жергиликтүү калктын арасынан жана 42 чет элдик адистер подрядчы тарабынан мобилизацияланган.

Долбоордун баасы $55 млн камтыйт, каражат Дүйнөлүк Банк аркылуу бөлүнөт.