2023-жылы Дыйкандар 965.6 млн сомго жеңилдетилген насыя алышты

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун ишке ашырууну  товар өндүрүүчүлөрүнө 965,6 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, насыя республиканын 2 075 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө берилген.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3.3 млрд. сом суммасын түзүүдө.