«Ак-Жол» чек ара пунктунда 300 млн сом турган алтын кармалды

УКМК 300 млн сомдон ашык алтынды тиешелүү документтери жок алып келүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, 2023-жылдын 17-апрелинде «Ак-Жол» товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документтери жок, JAC үлгүсүндөгү автоунаа салмагы 84 кг жакын алтын менен кармалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.