Будапештте эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгр форуму болуп өттү
Будапештте эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгр форуму болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилиги билдирди.
Такталгандай, КР Венгриядагы элчилиги, Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 18-апрелинде Будапешт шаарында эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгр форуму уюштурулду.
Бул иш-чарага КР 25тен ашык жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жана Венгриядагы 30 рекрутингдик компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын катышуучуларына КР Венгрияда ишке орноштуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби бар өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүнү эске алуу менен кыргызстандыктардын Венгрияда ишке орноштуруунун шарттары жана тартиби кеңири түшүндүрүлдү.