Кыргызстан мобилдик интернеттин арзандыгы боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат

Кыргызстан арзан мобилдик интернет боюнча 233 өлкөнүн арасында бешинчи орунда турат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Джумасалиев электрондук соода боюнча тегерек столдо билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда 1 гб мобилдик интернеттин баасы Кыргызстанда болгону $0.17 түзөт. Джумасалиев социалдык тармактарды активдүү колдонуучулардын жалпы саны 6.4 млн адамды түзөрүн билдирди.

Бул рейтингде Израил $0.04 наркы менен биринчи орунда, андан кийин Италия — $0.12, андан кийин Сан-Марино мамлекети — $0.14 турат.