Өзбекстан Кыргызстандагы темир жол транспортунда коопсуздук квалификацияны жогорулатууга жардам берет

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги менен Өзбекстандын «Темир жолдордун менчик ээлери болгон юридикалык жактардын темир жол кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борбору» директору менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» билдирди.

Жолугушууда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын өкүлдөрүн Өзбекстандын темир жолдорунда окутуу жаатында мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Бул тажрыйба алмашууга жана бул боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзөт..

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик мекемелеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул Меморандумдун максаты билим берүү жана илимий-изилдөө, темир жол кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо, темир жол транспортуна эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын алдыңкы жетишкендиктерин киргизүү жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү ниети болуп саналат.