Сокулукта 200 аз камсыз болгон үй-бүлө жөлөк пул алуудан баш тартты

Сокулукрайонунда 200 аз камсыз болгон үй-бүлө жөлөк пул алуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарабаев 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу учурунда билдирди.

Жалпысынан Сокулук району боюнча 200 үй-бүлөгө 100 миң сомдон, Чүй облусу боюнча 629 үй-бүлөгө берилет.

«Быйыл 10 миң үй-бүлө өз ишин баштады. Бул айыл чарба, соода, тейлөө тармагындагы жаңы долбоорлор. Айрыкча алыскы жана тоолуу айылдардын экономикалык бакубаттуулугун көтөрө турган көптөгөн долбоорлор элеттик аялдар тарабынан сунушталды», — деди министр.