2023-жылда энергетика секторуна бюджеттик кредиттер 4.7 млрд сом өлчөмүндө каралган – Финансы министрилиги

2023-жылга бюджеттик кредиттер 4.7 млрд сом өлчөмүндө каралып, учурда 255 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Андан сырткары, «Электр станциялары» ААК менен — 3 млрд сомго долбоор макулдашылды.

«Чакан ГЭС» ААКсы менен Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна 2 млрд сом каралган.

Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун долбоорлоо-изилдөө иштери менен даярдык мезгилиндеги объекттерди куруу боюнча планын ишке ашыруу үчүн «Электр станциялары» ААКнын бюджеттик насыясы 1,6 млрд.