Фармацевтикалык ишкананын директору 17 млн сомдон ашык салыкты жашырып пара берип жаткен жеринен кармалды
Чет өлкөлүк жаран башчылык кылган «А.К.» фармацевтикалык ишканасынын мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган фармацевтикалык ишкана тарабынан 17 млн сомдон ашык суммадагы салыкты жашыруу фактылары аныкталып, салык төлөөчүнүн даттануусунун алкагында жогору турган салык органы тарабынан канааттандырылган.
«Өз кезегинде, компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу жана кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, маселенин оң жагына чечилиши үчүн акчалай сыйлык берүүнү сунуш кыла башташкан», — деп ведомство белгиледи.
Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында фармацевтикалык ишканасынын директору Е.А жана ортомчу А.А. УКМКнын кызматкерине $40 миң пара катары берип жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.