Кыргызстан «Саякатта» ири туристтик форумунун өнөктөшү болду

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туризм тармагынын өкүлдөрүн, кол өнөрчүлөрдү жана блоггерлерди 8-11-июнда Москвада өтө турган Россиянын «Саякатта» туристтик форумуна улуттук павильондун катышуучусу болууга чакырат. Бул тууралуу фонд билдирди.

Белгиленгендей, быйыл форумдун өнөктөш өлкөсү катары Кыргызстан чыгат.

«Саякатта» форуму юул жөн гана мамлекет менен бизнестин ортосундагы ишкердик байланыш аянтчасы эмес, бул Орусиядагы саякатчылар үчүн биринчи туристтик фестиваль.

Катышууну каалагандардын баарын kgzevents@fundtourism.com электрондук почтасы аркылуу кайрылса болот.