Ошто жеке ишкер 100 аз камсыз үй-бүлөгө ун жана май берди
Ош шаардык эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгында «Мариям» ишканасы шаардагы аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө жардам берди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Такталгандай, ар бир үй-бүлөгө ишканасынын жетекчиси Дастан Эргешев 10кг ун жана 3 литр өсүмдүк майын таратты.
Бул категориядагы жарандардын арасында аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөр, майыптар да бар.