Жеке ишкерлерге түн ортосуна чейин берүүгө мүмкүн бар
Салык органдары жеке жактарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча иштин өзгөчө режимине өтүштү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Белгиленген графикке ылайык, 30-апрелге чейин декларациялар эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат.
Декларацияны жумуш убактысында келип берүүгө үлгүрбөгөн жеке жактар аны саат 18.00дөн кийин бере алышат.
Жеке ишкерлер болсо салык декларациясын электрондук түрдө гана тапшырышы керек.