«АЧК-11» долбооруна 53 млрд сом кредит берилген - Финансы министрлиги

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун ишке ашырууну баштагандан тартып 123 727 чарбалык субъектилерге 53 млрд сом суммасында кредит берилген. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди.

Берилген каражаттын ичинде:

  • Мал чарбачылык тармагы боюнча 34.08 млрд сом суммасында 98 404 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 64% түзөт;
  • Өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча 8.14 млрд сом суммасында 22 854 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 15% түзөт;
  • Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү тармагы боюнча 10.85 млрд. сом суммасында 2 469 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 21% түзөт.