Казакстанда төрт күндүк иш жумасы пайда болот

Казакстанда 1-июлдан тарта төрт күндүк иш жумасы киргизилет. Бул беш жана алты кундук жумуш жумасы менен катар эмгекти уюштуруунун кошумча формасы болуп саналат. Бул тууралуу Казакстандын Nur.kz маалымат порталы Казакстандын Республикасынын Эмгек министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Такталгандай, 20-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Эмгек кодексине мекемелерде төрт күндүк иш жумасын кеңири колдонууга мүмкүндүк берүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койгону кабарланган.

Ошентип, төрт күндүк иш жумасы менен казакстандыктар кошумча эс алуу күнүн алышат.

Бул тажрыйба, өлкөнүн Эмгек министрлиги белгилегендей, жеке иш берүүчүлөр тарабынан колдонулуп, эл аралык эмгек стандарттарына туура келет.