Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу банк расмий сайтында билдирди.

КРнын экономикасында оң тенденция сакталып турат. ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 2023-жылдын январь-март айлары ичинде 4.6% түзгөн. Өнөр жай, кызмат көрсөтүү секторлорунда өндүрүштүн өсүшү экономиканын өсүшүнө көбүрөөк салым кошуусун улантууда. Ички суроо-талап чөйрөсү туруктуу кеңейип жатат.

Кыргызстанда керектөө баалары 2023-жылдын башынан тартып 3.2 пайызга өскөн, мында апрель айында (2023-жылдын 14-апрелине карата) жылдык инфляция көрсөткүчү 2022-жылдын декабрь айындагы 14.7% караганда бир аз басаңдап, 10.5% түзгөн. Айрым азык-түлүк товарларына баалардын өсүшү басаңдаганы байкалат. Мурда кабыл алынган акча-кредит саясатынын чаралары инфляциянын бир калыпта төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн.