Сингапурлук UOB Kay Hian Кыргызстанга инвестициялоого кызыкдар
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров UOB Kay Hian компаниясынын каржы боюнча аткаруучу директору Хок Чай Дин башында турган Сингапурдан келген инвесторлор менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Жолугушууда тараптар брокердик, инвестициялык-банктык кызмат көрсөтүүлөр, жеке капиталды башкаруу, инвестициялык жана каржылык кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Маалымат үчүн белгилей кетсек, UOB Kay Hian компаниясы 1900-жылдардын башында түзүлгөн жана Биржа брокерлеринин Сингапур ассоциациясын негиздөөчүлөрүнүн бири, Сингапур фондулук биржасынын мүчөсү жана Азиядагы эң ири брокердик компания.