Бишкектин эки районунда «Өкмөттүн акселераторлор» программасына ишкерлерди каттоо башталды
Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондорунда «Өкмөттүн акселераторлор» программасынын пилоттук долбоорунун алкагында жеке ишкерлерди каттоо башталды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 100 күндүн ичинде (17-марттан баштап) шаардын жогоруда аталган эки районунда 4000ден ашык баланы камтыган 250дөн ашык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлер каттоодон өткөрүлөт.
Жеке ишкерлик менен алектенүүнү каалаган жарандар арыз берип, катталып, 100 күндүк долбоордун алкагында жогоруда аталган министрликтер биргелешип иштеп чыккан баштапкы окуунун типтүү курсунан бекер өтүп, жеке ишкерликти ачуу боюнча кеңеш ала алышат.
Кошумча кеңештерди төмөнкү телефондор аркылуу алса болот:
Биринчи май району – 0312 62 35 02,
Ленин району — 0312 65 68 94.
Арыз формасы төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү.