Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү боюнча кызматташууга кол коюлду

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Улуттук комитеттеринин ортосундагы «Сооданы жеңилдетүү жаатында кызматташуу жөнүндө билдирүүгө» кол коюулду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Эске салсак, 25-апрелден 26-апрелге чейин Ташкентте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана жеке секторлорунун өкүлдөрүнүн, ошондой эле эл аралык эксперттердин катышуусунда сооданы жеңилдетүү боюнча улуттук комитеттердин тогузунчу аймактык жыйыны өтүүдө.

Мындан тышкары, катышуучулар эл аралык эксперттердин жана ДСУнун адистеринин сооданы жеңилдетүү жаатындагы тенденциялары жана жетишкендиктери, ошондой эле соода процедураларын санариптештирүү жана маалыматка жетүүнү жакшыртуу боюнча демилгелер менен тааныштырылды.