Кыргызстанга германиялык бизнес делегациясы келди
2023-жылдын 25-апрелинде КРнын Экономика жана коммерция министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова Германиянын элчиси Габриэла Геллил баштаган бизнес делегациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлик билдирди.
Германиядан бизнес-миссиясынын курамындагы ар тармактагы компаниялар тарабынан кеңири сунуштады:
· заманбап саан жабдууларын чыгаруу; уй куруу долбоорлорун иштеп чыгуу;
· пакеттоочу жабдууларды чыгаруу;
· жашылча-жемиштерди өстүрүүдө инновациялар;
· жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү үчүн жабдууларды чыгаруу;
· узак мөөнөттүү сактоо кампаларын, логистикалык борборлорду куруу;
· энергияны үнөмдөөчү насостук жабдууларды чыгаруу.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты, болгон потенциалды белгилешти, ошондой эле Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен күч-аракеттерди жумшаарына ишеним билдиришти.