Бишкекте көп кабаттуу үйдү курууда одоно мыйзам бузуулар аныкталды

Борбор калаанын Фурманов көчөсү №5 дарегиндеги көп кабаттуу үйдү курууда одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.

Ал жерге борбор калаанын мэринин орун басары Мурат Осмонов жооптуу кызматтар менен бирге көчмө жыйын өткөрдү.

Фурманов көчөсү, №5 дарегинде  9 кабаттуу үй курулуп жатат. Азыр имараттын фасадын бүтүрүү стадиясында турат. Бирок, унаа токтотуучу жайлар жана балдар аянтчасы, ошондой эле тиешелүү кызматтар менен макулдашылган уруксат берүүчү долбоордук документтери жана Мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок.

Мыйзам бузууларга карабастан, куруучулар бүтүрүү иштерин улантууда, ал эми үлүштүк ээлер батирлерди кайра сатууда.

Борбор калаанын мэриясы курулуш компаниялардын ээлерине шаардагы бардык жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш нормаларын жана эрежелерин бузуу фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн эскертет.