> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Фермерлер жыл башынан бери 83 баш асыл тукум кунаажын лизингге алышты
- URL: https://im.kg/all/2023/05/26/1/
- Published: 2023-05-26T11:30:49.000Z
- Updated: 2023-05-26T11:30:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын башынан бери кыргызстандык фермерлерге 83 баш асыл тукум кунаажын жеңилдетилген насыя менен лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.**

Такталгандай, берилген малдын баасынын жалпы суммасы 18.8 млн сомду түзөт.

Фермерлер үчүн күрөң швиц, симментал жана мобельярд породасындагы асыл тукум кунаажындар Австрия, Чехия жана Германиядан алып келинген.