Фермерлер жыл башынан бери 83 баш асыл тукум кунаажын лизингге алышты

2023-жылдын башынан бери кыргызстандык фермерлерге 83 баш асыл тукум кунаажын жеңилдетилген насыя менен лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Такталгандай, берилген малдын баасынын жалпы суммасы 18.8 млн сомду түзөт.

Фермерлер үчүн күрөң швиц, симментал жана мобельярд породасындагы асыл тукум кунаажындар Австрия, Чехия жана Германиядан алып келинген.