КФБнын аянтчасында мамлекеттик баалуу кагаздары сатылды
КР Финансы министрлиги Кыргыз Фондулук биржасынын соода аянтчасында 2023-жылдын 25-26-май күндөрү 12 айлык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык векселдердин жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык облигациялардын биринчи жайгаштырууларын жүргүзө баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 12 айлык векселдер сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгы менен мамлекеттик казыналык облигациялар эмиссиясынын көлөмү 4.2 млн сомду түздү. Ал эми орточо алынган кирешеси 11.94% болду.
2023-жылдын 26-майында жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл болгон мамлекеттик казыналык облигацияларын сатуу боюнча өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгына ылайык, чыгаруу эмиссиясынын көлөмү 143.1 млн сомду ал эми орточо алынган кирешеси 15.21% түздү.