Дастан Жумабеков «Кичи-Капка» өткөрмө бекетин ачууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков «Кичи-Капка» чек ара өткөрүү бекетин ачууну сунуштады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жумабеков Талас облусунда Казакстан менен чектеш аймактагы «Чоң-Капка" өткөрүү бекетинде кезек күтүүлөр көбөйгөндүгү тууралуу маселени көтөрдү.

«Чек арадан суткалап өтө албай жаткандар арбын, бул маселени жөнгө салуу максатында «Кичи-Капка» чек ара өткөрүү бекетин ачууну сунуштайм»,- деди депутат.

Эске салсак, депутаттар «КР Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контроль маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап экинчи окууда колдоп беришти.