Кыргызстанда 2.1 млн ашык ири мүйүздүү мал бар

2023-жылдын 31-майына республика боюнча «ЖИКС» маалыматтык тутумунда 2 млн 133 миң баш ири мүйүздүү мал бар. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023 – жылдын 31-майына  малдардын төлдөрү идентификациядан өтүп, 285.7 миң баш ири мүйүздүү мал жана 1 647 баш чочко «ЖИКС» маалыматтык тутумуна каттоого алынды.