> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы 5 айда 94.8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту
- URL: https://im.kg/all/2023/06/06/salyk-kyzmaty-5-aida-94-8-mlrd-som-salyk-zhana-kamsyzdandyruu-toghumdorun-choghulttu/
- Published: 2023-06-06T05:30:14.000Z
- Updated: 2023-06-06T05:30:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-май айларында 94 млрд 816.6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1.6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15.3 млрд сомго көп жыйналган. 

Анын ичинде 69 млрд 761.7 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды. План 594.2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 5 айына салыштырмалуу 8.9 млрд сомго көп чогултулду.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 25 млрд 54.9 млн сомду түзүп, план 1.1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6.4 млрд сомго көп.