> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Калктын ишенимин жогорулатуу үчүн Соцфонд коррупцияга каршы планын иштеп чыкты
- URL: https://im.kg/all/2023/06/07/kalktyn-ishienimin-zhoghorulatuu-uchun-sotsfond-korruptsiiagha-karshy-planyn-ishtiep-chykty/
- Published: 2023-06-07T06:50:07.000Z
- Updated: 2023-06-07T06:50:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Соцфонду тарабынан 2023-2025-жылдары коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планы иштелип чыкты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

Планга ылайык төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каралган:

• мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоо;

• ЧУА, башкаруучулук жана финансылык чечимдерде коррупциогендик ченемдерди жана механизмдерди табуу жана чететтүү;

• мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө сервистүүлүктү жакшыртуу;

• иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;

• мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жана Соцфонддун кызматкерлеринин арасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү жана коррупцияга каршы үгүттөө иштерин жүргүзүү.

Пландын максаттуу индикаторлору:

• 2022-жылдын деңгээлине карата калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу;

• 2022-жылдын деңгээлине карата Соцфонд үчүн «Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк» индексин жогорулатуу.