> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эртең Бишкекте темир жол өтмөгү убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/all/2023/06/08/ertien-bishkiektie-tiemir-zhol-otmoghu-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2023-06-08T09:20:35.000Z
- Updated: 2023-06-08T09:20:34.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 9-июнунда Бишкекте темир жол өтмөгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИси маалымдайт.**

Такталгандай, эртең саат 08:00дөн 17:00гө чейин оңдоо иштерине байланыштуу Ленин районундагы Мурманская көчөсүндө жайгашкан кайтарылган темир жол өтмөгү жабылат.

> «Иш чара ШИИБ боюнча МККБ менен макулдашылды. Буга байланыштуу Садыгалиев, Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрү менен айланып өтүүгө болот», - деп мекеме жыйынтыктады.