Жыл башынан бери жол тармагына 3.9 млрд сом бөлүндү

2023-жылы Транспорт жана жол министрлигине 17.8 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги эскертти.

Маалыматка ылайык, беш айдын ичинде жол тармагына – 3.9 млрд сом каржыланды. Жол тармагынын негизги иш-чаралары 2023-жылга карата:

· жол-курулуш техникасын сатып алуу;

· битум сатып алуу;

· жолдорду асфальттоо;

· жолдорду оңдоо жана куруу.