14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы, 14-июнда, саат 09.00дөн 20.00гө айрым райондордунда суусун өчүрөт. Бул тууралуу мэриянын маалытма кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сельский суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы – «Тунгуч» кичирайону, «Рухий Мурас», «44 Га» конуштарын камтыйт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.